Сапар Исаков Медведев менен жолугушту

26 октября 2017 11:12 405 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков (Армения Республикасы) Ереван шаарында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу Евразиялык өкмөттөр аралык кеӊешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү. Сапар Исаков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык жана маданийүгуманитардык тармактардагы эки тараптуу алакалардын келечектери тууралуу талкуулашты.

Россия өкмөтүнүн төрагасы ЕАЭБге төрагалык кылган Кыргызстандын жасаган жемиштүү эмгегин белгиледи. 2018-жылы биримдикке Россия Федерациясы төрагалык кылмакчы.

Сапар Исаков өз кезинде россиялык тарапка ийгилик каалап, Кыргызстан бардык спектрлар боюнча Россия менен өз ара мамилелердин өнүгүүсүнө чоӊ маани бере турганын баса белгилеп кетти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8040



Добавить комментарий