Депутат: жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн социалдык роликтерди колдонуу керек
Жогорку Кеӊештин депутаты Урматбек Самаев өкмөткө жол кырсыгы менен күрөшүүнү катаалдатууну сунуштады. Ал үчүн депутат социалдык роликтерди колдонуу керектигин билдирди. Мындай сунуту У.Самаев бүгүн, 26-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди.
«Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарынын саны өсүп жатканы байкалууда. Жол кырсыктарынын кесепетинен ата-энелер балдарынан ажырап, балдар жетим болуп калышууда. Ошондуктан өкмөт жол кырсыгын кыскартуу боюнча чараларды күчөтүүсү зарыл», - деп белгиледи депутат.
Анын айтымында, мындай кырдаалдан чыгуунун дагы бир жолу – бул автокырсыктар менен күрөшүүгө багытталган социалдык роликтерди түзүү жана аны массалык маалымат каражаттары аркылуу Интернетке жайылтуу эсептелет.
«Жыл башынан бери өлкөдө беш миӊдей жол кырсыгы катталган, 300 жаран каза тапты, үч миӊ киши жаракат алды. Биз жол кырсыгын токтотуубуз керек», - дейт ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content8039
Добавить комментарий ×