“СДПК” фракциясы мамлекеттик мүлк боюнча маселени талкуулады
Бүгүн 10-февралда “СДПК” фракциясы мамлекеттик мүлк башкармасынын башчысы Казаков Болсунбекти чакырып алдыдагы пландары жана мамлекетик мүлктөрдүн тагдырына кызыгышты. Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын 10-февралдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы №804 «Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү боюнча маселе каралып аягында мамлекеттик мүлктү бекитүүдөгү директорлор кеңешин жоюп, ордуна менеджерлерди алып келүү маселесин айтты. Жыйында сөз алып сүйлөгөн Иса Өмүркулов мамлекетик мүлк башкармалыгына тез арада жеринен маселе чечүүнү талап кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content802
Добавить комментарий ×