Паспорттордун баалары алмашты
Поделиться в:
Паспортторду шашылыш жасатууга 13-февралдан тарта жаңы баа коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Мамлекеттик кызматтар үчүн тарифтер Монополияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан бекитилген. "ID-картаны эки күндө 1107, төрт күндө 1007 жана сегиз күндө 906 сомго жасатууга болот. Ал эми жалпы жарандык паспортту эки күндө 2013, төрт күндө 1762 жана сегиз күндө 1510 сомго жасатууга болот", — деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content801
Добавить комментарий ×