Армениянын президенти Серж Саргсян ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушту

25 октября 2017 16:50 341 Barometr
Поделиться в:
ok

Армения Республикасынын президенти Серж Саргсян бүгүн, 25-октябрда, Ереван шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеӊешинин кезектеги жыйынынын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары менен жолугушту.

Армениянын мамлекет башчысы Серж Саргсян кеӊештин жыйындары жана жолугушуулар мындан ары дагы өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык, соода-экономикалык алакалардын өнүгүүсүнө өбөлгө төзү бермекчи.

Эске салсак, КРдын премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеӊешинин жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарында иш сапар менен жүрөт

Ссылка: https://barometr.kg/content8002



Добавить комментарий