Францияда атом электр станциясында жарылуу болду
Поделиться в:
Франциядагы "Фламанвиль" атомдук электр станциясында жарылуу болду. Жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында жаңы курулуп жаткан блокто болуп өткөн. Алдын ала маалыматтарга ишенсек АЭСтин бир канча кызматкери жабыркап, аларды тез жардам унаасы алып кеткен. Учурда өрт өчүрүүчүлөр жарылуудан улам чыккан өрттү өчүрүп жатышат. Кырсыктан реактордук аймак жабыркаган эмес. Мындан улам адистер эч кандай коркунуч жок экенин айтып элди тынчтандырууда. "Фламанвиль" атомдук электр станциясы Франциянын түндүк-батышында жайгашып, 1986 жана 1987-жылдары ишке кирген эки реакторду өзүнө камтыйт. Азыркы тапта үчүнчү энергоблок курулуп жаткан эле.
Ссылка: https://barometr.kg/content800
Добавить комментарий ×