Кызыл Жарым ай уюму Ооганстанда өз ишин токтотконун жарыялады
Поделиться в:
Ооганстанда кызматкерлерине кол салуу болгон окуядан кийин Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай уюмдары аймактагы ишин токтотту. Шаршембиде Кызыл Чырым уюмунун алты кызматкери Ооганстандын түндүгүндө куралдуу кол салуудан набыт болуп, эки кызматкери дайынсыз жок болгону маалымдалууда. Эл аралык уюм бул окуя териштирилгенге чейин аймактагы гуманитардык миссиясын убактылуу токтотконун жарыялды. Уюмдун өкүлдөрү Ооганстанда алардын кызматкерлерине карата мыкаачылык өөрчүп жатканына кабатырлануусун билдирип өтүштү. Кызыл Чырым уюмунун гуманитардык кербенинде 3 айдоочу, 5 кызматкер болгон. Алар Жаузжан провинциясына жардам алып бара жаткан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content798
Добавить комментарий ×