Дүйнөдөгү эӊ семиз бала: Курсагы такыр тойбогон 10 айлык Луис

25 октября 2017 10:28 938 Barometr
Поделиться в:
ok

Мексикада 10 айлык Луис Мануэль аттуу бала эмитен эле салмагы 30 кг чыкты жана ал дайыма курсагы тойбой келет. Дарыгерлер Луис олуттуу айыкпас дартка чалдыккан деп айтышууда. Мындай маалыматты Лайф жазып чыкты.

Ата-энесинин айтымында, балакай бир айга толгондо алар ага 2 жаштагы балдардын кийимин сатып ала башташкан.

Алар «уулубуз өтө тездик менен салмак кошо баштаган» деп билдиришти. Айрым учурларда бөбөк салмагынын оордугунан дем ала албай калчу.

 

 

Ал эми дарыгерлер өз кезинде балада генетикалык бузулуу же Прадер Вилли синдрому болушу мүмүкүндүгүн айтышкан. Так ошон үчүн бөбөк дайыма курсагы тойбой өзүн ачкадай сезе берет. Ал эми келечекте болсо диабет жана жүрөк оорусу келип чыгуу ыктымалдыгын белгилешүүдө.

 

Белгилей кетсек, мындай дарт айыкпай турган оорулардын катарына кирет. Бирок Луис сыяктуу кыйналган адамдар үчүн атайын терапия бар.

 

Бирок кичине бөбөктү кымбат дарылоо терапиясынан өткөрүү үчүн ата-энесинин каражаты жетишсиз. 

Ссылка: https://barometr.kg/content7977



Добавить комментарий