Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков отставкага кетти

25 октября 2017 10:20 407 Barometr
Поделиться в:
ok

Төрага Чыныбай Турсунбеков өз каалосу менен төрагалык кызматтан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди.

«Мен жети жылдан бери саясатта жүрөм. Албетте бул узун мөөнөт болбосо дагы бул арада мен жемиштүү иштерди аткардым»,-деп белгиледи Турсунбеков.

Анын айтымында, анын жасаган бардык аракеттери демократиялык мамлекетти курууга, өлкөдө парламентаризмди орнотууга багытталган.

“Беш жылдан ашуун КСДП фракциясын башкарып келдим, 1,5 жыл Жогорку Кеӊештин төрагасы болуп эмгектендим. Бул арада биз таза парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрдүк”,- деп кошумчалады ал.

«Коомчулукта шайлоодон кийин чыӊалуу болбоосу, тынчтык жана туруктуулукту сактоо үчүн мен өз эрким менен отставкага кетүүнү чечтим”, - деди Ч.Турсунбеков.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7976



Добавить комментарий