Сауд Арабиясы 500 млрд долларга жаӊы шаар куруп, роботторду көчүрүп келет

25 октября 2017 09:31 902 Barometr
Поделиться в:
ok

Сауд Арабиясы чөлдүү аймакка келечектин шаарын курмакчы жана ага 500 млрд доллар сарптамакчы. Мындай укмуштуу планды бүгүн корочулуктун мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман жарыялады.

Кызыл деӊиздин жээгине курула турган шаар Ниом деп аталат. Мындай нерсе дүйнө жүзү боюнча эӊ эле дымактуу долбоор деп эсептелди.

Долбоорго Сауд Арабияны Египет менен байланыштыра турган Кызыл деӊиз аркылуу көпүрө куруу планы киргизилди. Мындай ишке жогорку квалификациялуу кадрлар тартылып, ал эми физикалык кара жумуштарды роботтор жасашмакчы. Алардын саны шаар калкынын санынан ашат.

Серепчилердин пикирине ылайык, жаӊы долбоор мураскер ханзааданын өлкөнү реформалоого жана аны мунайдан кийинки жашоого даярдоого болгон аракеттеринин бири экенин күбөлөндүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content7966



Добавить комментарий