Милиция 3 жыл мурун дайынсыз жоголгон Үмүткүл Жусупбекованы издеп жатат

24 октября 2017 19:01 1648 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү мындан үч жыл мурун дайынсыз жоголуп кеткен, 1945-жылы туулган Жусупбекова Үмүткүл Ахмеджановнаны издөөдө. Бул тууралуу Чүй областынын Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жаран 2014-жылдын 25-октябрында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, арыкчырай келген, чачы ак.

Өзгөчө белгилери: сол көзүндө чели, алдынкы эриндери менен ээгинде темгили бар.

 

Үстүнө жашыл түстөгү халат, кара тери куртка, кара бут кийими болгон.

Милиция бул аял тууралуу көрүп-билгендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт: Чүй ИИББсинин күзөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0704 01 23 76, 0707 43 41 70 (издөө тобу).

Ссылка: https://barometr.kg/content7961



Добавить комментарий