Кытайдын жараны 11 миң 500 доллар алдап кеткен

9 февраля 2017 15:56 422 Barometr
Поделиться в:
ok

    Милицияга шаардын 27 жаштагы тургуну кайрылып, өткөн жылдын август айында Кытай жараны карызга 11 миң 500 доллар алганын, ушу күнгө чейин акчасын кайтарып бере электигин айткан. Севрдлов районунун ИИБи кылмышка шектүү катары Чүй облусунда жашаган кытайлык жаранды колго түшүрдү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Тергөө ишинен кийин кытай жаранынын  иши каралат. Аны Кытайга депортациялоо маселеси да көтөрүлүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content795



Добавить комментарий