Депутаттар нааразы: Эмнеге министрлер парламенттик жыйынга келбей жатышат?
Поделиться в:
ЖК депутаттары комитеттин жыйынына министрлердин катышпай жатканына нааразы болушууда. Бүгүн эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча жыйынга экономика министри Артем Новиков келген эмес. Мындай жагдай «Ата Мекен» фракциясынан депутат Бахадыр Сулеймановдун кыжырын кайнаткан.
«Жаш министр эмне үчүн жыйында жок? Келсе биз менен да таанышат эле да», - деп кызыкты депутат.
Ал эми буга жооп иретинде министрдин орун басары Эльдар Абакиров, министр өлкө башчы менен биргеликте Ереванга сапар тартарын айтты.
Муну менен чиновниктердин дарегине карата айтылган сын-пикирлер токтогон эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/content7938
Добавить комментарий ×