Сапар Исаков вице-премьерликке Даир Кенекеевдин талапкерлигин сунуштады
Бөлүшүү:
Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер министр кызматына Даир Кенекеевдин талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына парламенттен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Кенекеевдин талапкерлигин өлкөнүн премьер-министри Сапар Исаков сунуштоодо.
Белгилесек, Даир Кенекеев учурда өкмөттүн Талас областындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү. Буга чейин ал мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча Фондусуна башчылык кылып келген.
Эске салсак, коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров ушул жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content7933
Добавить комментарий ×