Ресторандагы «арбак» камерага түшүп калган
Америкадагы ресторандардын биринде болгон тан калычтуу жагдай көзөмөл камерасына түшүп калган. Анда столдор эч бир себепсиз өзүнөн-өзү кыймылдай баштаган. Мындай маалыматты New York Daily News жазып чыкты.
Камераларга эки кызыктай жагдай тартылып калган. Биринде имараттын кызматкерлери эртен менен отургучтардын бирөөсү жерде полдо жатканын көрүшкөн. Ошондо алар камерадагы жазууларды текшерүүнү чечишкен. Бул учурда кызматкерлер эмерек өзүнөн-өзү кулап калганын байкашкан.
Экинчи учурда болсо стол чакалайдын чак түштө, ресторандын ичинде толо эл болгон кезде кыймылдаганын көрүшкөн.
"Бул чыны менен эле кызык болду. Биз бул жерде мына 27 жылдан бери иштеп келебиз, бирок мындай жагдайга туш боло элек болчубуз»,-дейт Дэйв Фолдз.
Көзгө көрүнбөгөн арбак сымал көрүнүш ресторандын кардарларын чоочуткан эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/content7931
Добавить комментарий ×