«Ак Тилек» бекетинде 400дөй унаа кармалууда, калган бекеттерде кезек күткөндөр жок

23 октябрь 2017 12:33 523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы жагдай калыбына түштү, кезек күткөндөр жок. Бул тууралуу  Barometr.kgге бүгүн 23-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.   

“Чек арадагы жагдай туруктуу, “Ак Жол” жана «Чон Капка» бекеттеринде кезек күткөндөр жок”,-деп кабарлашты Мамлекеттик чек ара кызматынан.

 Басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, учурда «Ак Тилек» бекетинде 400дөй унаа турат, бирок чек ара көзөмөлүнөн бат-баттан өткөрүлүп жатат.

 “Бир саатта казак кесиптештер сегизге жакын жүк унааларын өткөрүшүүдө, 10-октябрдан тартып алар бир саатта бир гана унааны өткөрүп жатышкан”,-деп кошумчалашты МЧКдан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7880



Добавить комментарий