Осмонбек Артыкбаев байытылган ун боюнча мыйзамдардын аткарылбай жатканын айтып, Жогорку Кеңеште маселе көтөрдү

9 февраля 2017 11:47 549 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин «СДПК» фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев байытылган ун боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрдү. «Унду керектүү витаминдер менен байытуу жөнүндө бизде мыйзам бар. Ошонун негизинде  ун өндүрүшчүлөр  витаминдер менен унду байытыш керек. Бул витамин биздин жаш балдарды анемия оорусунан, акыл эси кем болуп калуусунан сактайт. Бул биздин  келечек. Мамлекеттин өнүгүшү, экономикалык акыбалына жакшырышына байланыштуу. Тилекке каршы бүгүнкү күнү ушул мыйзамдын аткарылышы 30%дын тегерегинде болуп олтурат. Өкмөт эмгиче ушул мыйзамдын негизинде токтом чыгара элек.   Бул маселенин ишке ашыруу механизимдери боюнча иш бир жарым жылдан бери ишке ашпай жатат. Эң башкысы, бүгүнкү күнү  биздин ун өндүрүшчүлөр унду байытып жатышат. Бизге ун  Казакстандан келип жатат. Келген ундун 90%ы витамин кошулбаган, адамдардын  ден-соолугуна зыян алып келе турган ун келип жатат. Ушуну тез арада чечиш керек. Бул маселе бажы биримдигинин деңгээлинде бул маселенин коюулуусу зарыл. Чек ара  аркылуу өтүп баратканда көзөмөлдөө маселе каралуусу зарыл.  Бул маселе боюнча  Казакстан менен мамлекеттик деңгээлде олтуруп ушул маселени чечиш керек. Бул биздин адамдардын ден-соолугуна зыян алып келип жатат»-деп Эл өкүлү өкмөткө кайрылды

Ссылка: https://barometr.kg/content788



Добавить комментарий