Чубак ажы Жалилов президентикке талапкерлер тууралуу: “Сойку” бир намаз окугандан ыйык болуп кетпейт

23 октября 2017 10:50 3173 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланышкан өзүнүн комментарийи айтылган видеону жарыялады.  

Видеодо Чубак Жалиловго бейтааныш адам “эмне үчүн сасык саясатка аралашып жатасыз?” деген суроону бергени көрсөтүлөт.

 Жалилов суроого жооп берүүнү алыстан баштап дин сасык эмес, жыпар жыттуу саясат экенин баса белгилейт.   

Ал молдо мусулмандарды туулгандан тартып өлгөнгө чейин коштоп барарын айтат.

“Мисалы, сен үйүнө келинчек алып келдиң, молдосу жок сен ага нике кыйдыра албайсың. Түнү-күнү болобу чакыртсаң барып нике кыябыз. Бала төрөлгөндө да азан чакырып ат койдурасың. Биз баарын таштап азан айтканы барабыз. Кимдир бирөө каза тапса молдону чакыртышат чуркап барып жаназа окуйбуз. Тактап айтканда молдо Чубак ажы жашоодо мусулман. Мен эмнеге талапкерлер тууралуу айтып жана мусулмандардын тигил же бул адамды таноосуна кеңеш бере албайм. Мен эмне үчүн Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу сөз айта албашым керек”,-деп нааразы болду экс-муфтий.

Ал “башкалар үгүттөгөнгө акысы бар анын акысы жок бекен?” деген суроо койду.

 “Мусулмандар өз добушун сатпай жүрөгү менен тандашы керек. Мусулман талапкер тандап жатканда сойку бир ирет намаз окуй калып ыйык болуп кетпешин түшүнүүлөрү кажет”,-деп нааразы болду Чубак ажы Жалилов.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7870



Добавить комментарий