Lexusту катуу айдаган жаш кыз жол жээгиндегилерди сүзүп, 5 киши өлүп, 6 адам жарадар болду (видео)
Поделиться в:
Украинанын Харьков шаарында Lexusту катуу айдаган 20 жаштагы кыз жол жээгинде турган жүргүнчүлөрдү тобу менен сүзүп кеткени тууралуу видео соцтармактарда кызуу талкууга түштү. Бул кырсыктан 5 киши каза таап, алты адам ар кандай жаракаттарды алганын РЕН ТВ кабарлады.
Үрөй учурган авария 18-октябрда Сумская көчөсүндө болгон. Унааны 20 жаштагы Алена Зайцева башкарып бара жаткан. Учурда кыз камакка алынып, иликтөө иштери башталды.
Эки жабырлануучунун абалы оор, жаракат алган дагы бир кош бойлуу аял комада жатат.
Жол кырсыгын көчөнү байкоого алган камера жазып калган жана укук коргоо кызматкерлери тарабынан Facebookка жарыяланды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7831
Добавить комментарий ×