Брэд Питт 21 жаштагы өзүнүн жаңы сүйүктүүсүн тапты

20 октябрь 2017 11:58 1442 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Батыштын таблоиддери белгилүү Голливуд актери Брэд Питт 21 жаштагы актриса Элла Пернелл менен жолугуша баштаганын жазышууда. Актриса буга чейин Анджелина Джоли менен бирге иштешкен. Бул тууралуу FlashNord кабарлоодо.

 Акыры учурларда Питт менен Пернелл жазуучу Стефани Данлердин Sweetbitter китебин экрандаштырууга билек түрө киришип жатышат. Питт аткаруучу продюссер, ал эми Пернелл башкы ролдордун бирин аткармакчы.

 Питтин мурдагы жубайы Анжелина Джоли бул маалыматка анча ишенбей карап жатканын ага жакын булактар кабарлашты.

Эскерте кетсек, Голливуддагы эң келишимдүү жубайлар - Джоли  менен Питт өткөн жылдын сентябрь айында ажырашкан. Алардын ортосунда алты баласы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/content7827



Добавить комментарий