Өмүрбек Текебаев №47 абакка которулат

20 октября 2017 11:38 630 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жогорку Кеңештин соттолгон депутаты Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновду колонияга которушту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктерине Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

 Ведомство берген маалыматка таянсак Текебаев бүгүн түштөн кийин Бишкектеги №47 абакка, ал эми Чотонов Молдовановкадагы №27 абак жайга которулат.

Кечээ экс-депутат Садыр Жапаров Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесине жөнөтүлгөн белгилүү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content7825



Добавить комментарий