Опузалап акча алган ИИМдин эки кызматкери кармалды
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте опузалап акча талап кылганга шектүүлөрдү кармоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чараларын уюштурушкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
18-октябрда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 313-беренелеринин негизинде козголгон кылмыш ишине байланыштуу ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү ИИМдин КМК кызматынын 3-башкармалыгынын эки кызматкерин кармашкан.
Жакында эле укук коргоо органдарына милиция кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылды деген арыз келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.
Азыркы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкы башкармалыгы иликтөө иштерин улантып жатат. Жогоруда кармалган кызматкерлер тергөө абагына киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content7817
Добавить комментарий ×