Атамбаев менен Владимир Путин телефон аркылуу кыргыз-россия мамилелерин талкуулашты

20 октября 2017 10:13 747 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путин ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүнүн мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенишүүсүнүн маселелерин дагы талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге Кыргызстанда маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7814



Добавить комментарий