«Ататүрк-Ала-Тоо» университетинин дипломдорун мындан ары Түркия тааныбайт

8 февраля 2017 16:50 434 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ататүрк-Ала-Тоо” эл аралык университетинин  дипломдору  Түркияда  мындан ары таанылбайт. Стамбул прокуратурасы буга аталган жогорку окуу жай террористтик идеяларды  жайылтууда  деген күнөөнү такты. Буга чейин түрк өкмөтү Кыргызстан түрк оппозиционери Фетхуллах Гюлен  негиздеген “Себат” тутумундагы   бардык билим берүү  мекемелери жабылышы керектигин  билдирип чыгышкан. Түрк  расмийлеринин мындай  билдирүүлөрү былтыры жай  айында  Түркиядагы  аскерий  төңкөрүш  аракетинен кийин  жарыялана баштаган. Алар  төңкөрүштүн  уюштуруучуларынын  башында  АКШда  жашап жаткан түркиялык  оппозиционер  Фетхуллах  Гюлен  турат деп күнөөлөп ушундай кадамга барышты.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content781



Добавить комментарий