Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты: «Алтын куймаларды Кыргызстан өзү куйса, сыртка чыгарып сатканга мүмкүнчүлүк пайда болот»

8 февраля 2017 16:20 383 Barometr
Поделиться в:
ok

-Төрөбай Закирович, алтын куймалары боюнча мыйзамды колдойсузбу?

-Алтындын куймалары боюнча азыр биринчи окууда карадык. Экинчи окууда концепсияларын карап, алтындын куймаларды Кыргызстандын ичинде курганга мүмкүнчүлүк барбы деп сурадык. Улуттук банк «100 граммдык бар, 10, 20 граммдыктар жок» деп жооп кайтарышты. Алар экинчи окууга чейин такташы керек.  Эгерде Кыргызстандын ичинде  алтын куймаларды  келечекте чыгара турган болсо бул туура эле болот. Эгер алтын куймаларды Кыргызстан өзү чыгарса, сыртка чыгарып сатканга  мүмкүнчүлүк пайда болот. Эми улуттук банк экинчи  окууга чейин баардык чыгашаларын тактайбыз. Алтын дүйнө жүзүндө түбөлүк өлбөй турган волюта. Алтын өзүнүн баасын эч качан жоготпойт. Алтын куймаларды пайдалануу өтө пайдалуу акча жүгүртүү деп эсептейм.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content780



Добавить комментарий