Балыкчы Корумду жолунда иштегендердин айлыгы берилет
Поделиться в:
2016-жылдын 10-декабрына карата жол куруу иштеринин 21,3 пайызы аткарылган. Бүгүнкү күндө 2017-жылы аткарыла турган иштердин графиги түзүлүп бүттү. Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун курууда эмгектенген жолчуларга бериле элек маяна толугу менен төлөнөрүн Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Билдирмеде маяна маселеси жакынкы аралыкта чечилери белгиленген. "Жумушчулардын маянасы Жол чарба департаменти менен подрядчы "Лонг Хай" компаниясы Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун курууда аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо боюнча пландык иштерди жүргүзгөнүнө байланыштуу кечиктирилип калды"-деп билдирет министрлик.
Ссылка: https://barometr.kg/content779
Добавить комментарий ×