Депутат: Ошол окумуштуулар мумияны ушул кезге чейин изилдебей эмне кылып жүрүшкөн?

19 октября 2017 12:08 696 Barometr
Поделиться в:
ok

Азыр айрым бир окумуштуулар тобу жакында эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин комиссиясынын чечими менен жерге көмүлгөн адам сөөгүнүн мумиясы тууралуу чатак чыгарууда. Алардын пикиринде, бул вандализм илимге чоӊ зыян келтирген имиш. Ошол окумуштуулар өткөн кылымдын 50-жылдары эле табылган мумияны ушул кезге чейин изилдебей эмне кылып жүрүшкөн? Эмне, аны эми эле көрө калыштыбы? Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Мен мурдагы маданият министри катары, ал мумиянын таржымалын жакшы билем. Ачыгын айтыш керек, мумия бузулуп бараткан, аны көмбөгөндө эмне кылат? Улуттук илимдер академиясы аны сактоого албай койгон. Аны сатып алам дегендер да чыккан. Мумияланган аялдын сөөгүнүн кыргыз же башка экени азыркыга чейин белгисиз. Буга чейин биздин окумуштуулардын бири дагы басып келип изилдеген эмес. Орус окумуштуусунун сөөк IV-V кылымда жашаган адамга таандык деген пикири гана бар, андан башкан эч бир илимий тыянак жок», - дейт депутат.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content7787



Добавить комментарий