Ош областында туулган Эркинбек Алимов Россияда вице-губернатор болду
Кыргызстандын Ош областында туулган жаран Эркинбек Алимов Россиянын Ставропольск крайындагы өкмөттүн төрагасынын орун басары болду. Бул тууралуу "Ставгород" онлайн-басылмасы кабарлады.
Жаңы вице-губернатордун милдети-крайга милларддаган инвестицияларды тартып келүү.
"Ставрополь плюс" берген маалыматка таянсак, Эркинбек Алимов 1962-жылы Ош областынын Кара-Суу районундагы Юваш айылында туулган. 1984-1989-жылдары Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн. Жаш окумуштуу катары криминалистика, психология, эл аралык укуктар боюнча илимий-изилдөө топторунда иш алып барган. Кийин советтик, андан соң россиялык чалгындоо кызматында иш алып барган. 1998-жылы Россияга кетип бир нече жетекчилик кызматтарда иштеген. 2007-жылы Мамлекеттик думага партиянын тизмесинде депутаттыкка талапкерлигин койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content7784
Добавить комментарий ×