18-19-октябрда абанын температурасы 0…5° градуска төмөндөп, кар катуу жаайт
18-октябрында эртең менен, күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 19-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет. 19-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 17-октябры күнү КР ӨКМи тарабынан №02-34/750-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.
2017-жылдын 16-октябры күнү телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content7738
Добавить комментарий ×