Канадага жумушка орноштурам деп 70 миң доллар алган жаран кармалды

18 октября 2017 09:38 748 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигине Пакистандын жараны арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен ири суммадагы чыгым келтирген жаранга карата чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Келип түшкөн арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында А.Т. аттуу Пакистандын жаранын кармашкан. Ал Канадага жумушка орноштурууга виза жасап берем деп мыйзамсыз миграцияны уюштуруп, өзүнүн мекендештерин алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алып, изин жашырып качып жүргөн. Жабырлануучулардан алган акча каражатынын жалпы суммасы 70 000 миң АКШ долларын түзгөн.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарында убактылуу жашаган 1994-жылы туулган А.Т. аттуу Пакистан Ислам Республикасынын жараны кармалган. Маалымат боюнча кармалган жаран мурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7731



Добавить комментарий