Бишкектин кээ бир райондорунда таза суу берилбейт

17 октября 2017 12:36 482 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Эртең, 18-октябрда, Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкексууканал" башкармалыгы билдиргендей, "Кайнар" суу кампасында оңдоо иштери жүргөндүктөн эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Мындан улам Тыныстанов, Бөкөнбаев-Эркиндик-М.Фрунзе-Абдрахманов кесилишкен аймагында таза суу болбойт.

Таза суу төмөнкү даректерде болбойт:

- Түркия элчилигинде;

- Социалдык өнүгүү министрлигинде;

- Генаралдык штаб;

- Экономика министрлигинде;

- Ч.Айтматов орус драма театрында;

- Типография;

- Акыйкатчы институнда;

- Билим берүү жана илим министрлигинде;

- Ички иштер министрлигинде ;

- М.Фрунзе атындагы музей;

- Тышкы иштер министрлиги;

- «Сейтек» балдар борбору;

- «Фрунзе» рестораны;

- Бишкек арак заводу;

- №24 ГМ;

- №168 бала бакча;

- Чернышев атындагы республикалык китепкана;

- «Ала-Тоо» кинотетар;

- Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музей;

- Абдрахманов, 204 («Тюльпан»).

"Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууга чакырат.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7715



Добавить комментарий