Өкмөт сот системасынын кызматкерлери үчүн 9 кабаттуу эки үй курат
Поделиться в:
Бишкекте сот системасынын кызматкерлери үчүн үйлөр курулат.
Өкмөттүн 2017-жылдын 4-октябрындагы буйругуна ылайык Архитектура мамлекеттик агенттигинин жарандык турак жай курулуш департаментине 171 батирлүү, 9 кабаттуу үй курууга жалгыз заказчик болуу тапшырмасы берилди.
Аталган турак-жай Юдахина, 64 дарегинде жайгашмакчы.
Курулуш аяктагандан соң колдонууга берилген объектилер Жогорку соттун Сот департаментинин менчигине өтөт.
Каржы министрлиги 2017-жылдын республикалык бюджетинен аталган курулушту курууга 40 миллион сом бөлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content7712
Добавить комментарий ×