Ооганстанда сот имаратынын алдында жарылуудан 20 адам каза тапты
Поделиться в:
Ооганстандын Жогорку Сот имаратынын алдындагы жардыруудан кеминде 20 адам каза тапканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Окуя 7-февраль күнү Жогорку Сот имаратынын алдындагы унаа токтотуучу жайда болгон. Анда жанкечти сот кызматкерлери автобуска отуруп жаткан маалда жардыруу жасаган. Жардыруунун кесепетинен 20га жакын адам каза болуп, 48 адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар да бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content771
Добавить комментарий ×