Таласта жаш жигиттер чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгууда. Базарлар, банктар жабылды
Поделиться в:
Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун бир нече жүздөгөн тарапкерлери чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Barometr.kgге шаардын тургундары кабарлашты.
Алардын айтымында, митингге чыккандар добуш берүү административдик ресурсту колдонуу менен өттү деп эсептешип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбый тургандыктардын айтышууда.
“Жаш жигиттер “Бабанов биздин президент” деген жазууларды көтөрүп алышып Таластын көчөсүнө чыгышты. Аларды жүрүштү Кара-Буура районунан башташты”,-деп кабарлашты Таластын тургундары.
Barometr.kgге акциянын катышуучулары кабарлашкандай, алар Бишкекке келүүнү көздөшүүдө.
Бул арада Талас шаарындагы банкттар жана базарлар шашылыш түрдө жабылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7698
Добавить комментарий ×