Бабанов: Мен өлкөдөн кетпейм жана бийликти басып албайм
Кыргызстандын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов бийликти басып алууга аракет кылбай турганын жана өлкөдө кала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрда болгон басма сөз жыйында билдирди.
“Азыр айрым чагымчылар биз бийликти басып алууга аракет кылып жатабыз деп айтып жатышат. Биз башаламандык уюштурбайбыз”,-деп айтты ал.
Бабанов өз тарапкерлерине ыраазылык билдирди.
“600 миң добуш, тактап айтканда эсептен чыгарып кое албаган добуштарды бергендер бул өлкөдө реалдуу өзгөрүүлөр болушун каалагандар. Биз албетте жеңишке жеттик”,-деп билдирди Бабанов.
Журналисттин “Бабанов өлкөдөн кетиши мүмкүнбү?” деген суроосуна ал:
“Мен эч жакка кетүүгө аракет кылган жокмун жана эс алгым келип жатат. Биздин фракция оппозициялык болуп эсептелет жана мындан ары да ушул багытта ишин улантат. Шайлоо мыйзамын өзгөртөбүз”,-деп кошумчалады талапкер.
Бабанов мамлекеттик каналдар 24 саат бою аны каралган материаларды жарыялап кыргызстандыктарга туура эмес маалымат беришкенин кошумчалады.
“Жалпысынан алганда шайлоо демократиялуу өттү, бирок биз стратегиялык жактан бир нерсени кое берип алдык”,-деп белгиледи Бабанов.
Ссылка: https://barometr.kg/content7697
Добавить комментарий ×