Казакстан Кыргызстандын сүт өндүрүүчү беш компаниясына тыюу салды
Казакстан Кыргызстандын сүт азыктарын кайра иштетүүчү беш компаниясынын аталган өлкөгө сүт азыктарын жеткирүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат жана коммуникация министрлиги кабарлады.
“Бүгүнкү күндө 5 кыргыз ишканасынын Казакстанга продукция алып келүүсүнө тыюу салынды, буга чейин бир катар эреже бузуулар аныкталган”,-деп айтылат ведомство тараткан маалыматта.
Министрлик маалымдагандай, 10-октябрдан тартып казак-кыргыз чек арасында көзөмөл күчөтүлгөн. Азыркы учурда ветеринардык алты чек ара бекетинде 32 инспектор иштеп жатат.
“Ветеринардык көзөмөлдү күчөткөндөн бери кыргыз товарларын ташып келүү кескин азайды”,-деп кабарлашты министрликтен.
Өз кезегинде Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик ветеринария инспекциясынын басма сөз кызматы чектөө тууралуу маалымат келип түшө электигин маалымдады.
“Продукциялар менен товарларды чек арадан өткөрүп жатышат бирок жай өткөрүшүүдө “,-деп билдиришти мамлекеттик ветеринардык инспекциядан.
Ссылка: https://barometr.kg/content7694
Добавить комментарий ×