Шайлоо күнү республикада электр энергиясы боюнча 10 өчүрүү катталган

16 октября 2017 13:39 595 Barometr
Поделиться в:
ok

Электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жалпы республикада 10 өчүрүү катталып, анын эң узагы 14 мүнөткө созулган. Шайлоо тилкелеринде өчүрүү болгон жок. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясы ААК төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Республика боюнча 4500 энергетика кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.

Бардык шайлоо тилкелеринде телефондук байланыш жана интернет туруктуу иштеди. “Кыргызтелеком” ААК бардык бөлүмдөрүндө авариялык учурда ыкчам иштөөчү топ даяр турду. Техникалык жактан эч кандай көйгөйлөр болгон жок.

Маалымат жыйындын соңунда Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов коопсуздук тармагындагы жана мамлекеттик каттоо кызматкерлерине, журналисттерге, мамлекеттик администрация башчыларына Өкмөттүк аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине ачык таза шайлоо өткөрүүгө жогорку уюшулгандыкты камсыз кылганга салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content7693



Добавить комментарий