Кышкы кубоктон 16 медаль жеңип алышты

7 февраля 2017 17:56 464 Barometr
Поделиться в:
ok

40 спортчудан турган кыргыз курамасы Казакстандын кышкы кубогунда 16 медаль жеңип алды. Бул тууралуу курама топтун башкы машыктыруучусу Виктор Мальцев билдирди.  Жалпысынан кыргыз спортчулары бир алтын, жети күмүш жана сегиз коло медаль жеңип алышкан.  Алма-Ата шаарында өткөн мелдешке жалпысынан Кыргызстан менен Казакстандан 300 спортчусу катышып, жаш курагына жараша күч сынашкан. Казакстандын кышкы кубогу үчүн уюштурулган мелдешке Кыргызстандан 40 спортчу барып ар кандай спорттун түрүнөн ат салышышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content769



Добавить комментарий