ИИМ эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү издеп жатат
Ички иштер министрлиги тарабынан Россия Федерациясынын Абдуолимов Шакиржон Толкунбаевич аттуу жараны изделүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал 1974-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунун Иски-Ноокат айылында туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт, Саха Республикасынын (Якутия) Удачный шаарында Россия Федерациясынын жараны катары катталган.
Абдуолимов Ш.Т. өзгөчө коркунучтуу. Сирияга эл аралык террористтик уюмдун “ИМ” катарына кошуу үчүн жарандарды радикалдуу агымдарга кирүүгө активдүү үгүттөп, жөнөтүү менен алектенип жүргөн.
Белгилери: бою 170 см, чымыр денелүү, физикалык даярдыгы жакшы (бокс жана оор атлетика менен машыккан), ак жуумал, жайык маңдай, кыска кара чачтуу, сакалы бар (сакалын кырып салышы мүмкүн).
Ш.Т. Абдуолимовду кайда экендиги тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлери аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз.
0-312- 29-10-27, 0-3222-5-64-29 (Ош ШИИБи),
0-3222-4-63-53, 03230-5-21-02 (Ноокат РИИБи),
0-3222-5-59-10, 5-52-44, 0-312-29-10-12 (Ош ОИИБи)
0-3657-5-04-20 (Кызыл-Кыя РИИБи),
0-3622- 5-01-24, 0312-29-00-70 (Баткен ОИИБи),
0-3722-5-28-31(Жалал-Абад ШИИБи),
0-3722-5-13-46, 7-05-30 Жалал-Абад ОИИБи, андан сырткары, 102 жана 0-312-66-23-31 (КР ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө) кайрылып, кабарласаңыздар болот. Жашыруундулукка кепилдик берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/content7689
Добавить комментарий ×