Бүгүн шайлоо участоктору жайгашкан кээ бир мектептерде окуу болбойт
Поделиться в:
Дүйшөмбү, 16-октябрда Кыргызстандын шайлоо участоктору уюштурулган айрым мектептеринде окуу болбойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эскертүүсүнө ылайык, ооруп жаткан окуучулар көбөйгөндүктөн 16-октябрда шайлоо участоктору жайгашкан айрым мектептерден санитардык күн жарыяланды.
Окуу процесси 17-октябрда жаңыланат.
Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 236 мектеп бар, анын ичинде 1441 мектепте шайлоо участоктору уюштурулган. Калган мектептер кадимки режимде иштейт.
Ссылка: https://barometr.kg/content7688
Добавить комментарий ×