Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт

16 октября 2017 11:27 582 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 16-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24; Талас аймагында түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24; Баткен дубанында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19; Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +1...+19;

Бишкек шаарында 16-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +22...+24 градус жылуу болот.

Ал эми 17-октябрда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. 18-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын обустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолордо кар жаайт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7687



Добавить комментарий