Жээнбеков бактылуу. Ал өзүнүн атаандаштарына дагы ыраазычылык билдирди

16 октября 2017 11:21 966 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 15-октябрда берген басма сөз жыйынында  президентикке талапкер, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен алдыда бара жаткан Сооронбай Жээнбеков  шайлоо өткөрүүгө жардам бергендердин баарына ыраазчылык билдирди. 

“Биз кыска аралыкта мүмкүн эмес нерсени мүмкүн кылдык”,-деп эсептейт ал.

 Жээнбеков  ошондой эле Кыргызстанын элине жана журналисттерге колдоо жана анын ишин чагылдырууда көмөк көрсөтүшкөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал шайлоо катуу атаандаштыкта өткөнүн билдирди. 

“Мен өзүмдүн оппоненттериме дагы ыраазычылык билдирем, катуу атаандаштыкка карабай алар өздөрүн татыктуу алып жүрүштү”,-деп айтты Жээнбеков.

Өзүнүн пландарына токтолгон талапкер жетишилген нерсени сактап жана башталган реформаны андан ары улантуу милдетин алганын айтып өттү. 

Ссылка: https://barometr.kg/content7685



Добавить комментарий