Улуттук банк финансылык алдамчылар активдешип жаткандыгын эскертүүдө

16 октябрь 2017 11:01 658 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республиканын айрым аймактарында финансылык пирамида уюштуруу менен алектенип, жарандарды пайызсыз насыялардыалуу үчүн акча каражаттарын салууга үндөп жаткан адамдардын активдешүүсү байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынавн кабарлашты.

Ушундан улам Улуттук банк мөөнөтүндө төлөө, убагында кайтарып берүү жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында калайык-калктан акча каражаттарын тартуу жана берүү ишин (кредиттөө, аманаттарды кабыл алуу) Улуттук банктын көзөмөлүндө турган жана анын тиешелүү уруксат берген документтерине ээ банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары гана жүзөгө ашырууга укуктуу экендигин эскертет.  

Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын Улуттук банктын тиешелүү уруксат берген документтерисиз (лицензия, катталгандыгы тууралуу күбөлүк) иш алып баруусу мыйзамсыз, көпчүлүк учурда алдамчылыкка жана “финансылык пирамидаларды” уюштурууга байланыштуу иш катары каралат.

Мына ошондуктан тараптар ортосунда түптөлгөн мамилени жөнгө салган бардык документтер (лицензия, катталгандыгы тууралуу күбөлүк, келишимдер, макулдашуулар ж.б.) менен кылдат таанышып чыгууну жана ар кандай алдамчылык үндөөлөргө тартылбоону өтүнөбүз.

Өлкөнүн бүтүндөй банк тутумунун ишин жөнгө салган мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча Улуттук банктын, анын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн коомдук кабылдамасына төмөнкү даректер жана телефондор аркылуу кайрылууну сунуштайбыз. 

Ссылка: https://barometr.kg/content7683



Добавить комментарий