Шайлоо-2017: Саат 10:15ке карата Жээнбековго 52,75 пайыз шайлоочу добуш берди

16 октября 2017 10:50 1118 Barometr
Поделиться в:
ok

  Кечээ, 15-октябрдан тартып БШКнын серверине шайлоо тууралуу маалыматта келип түшүп жатат. Бул тууралуу БШКнын сайтында кабарланды.

 Алдын ала эсептер боюнча 16-октябрда саат 10.15ке карай:

Жалпы 3 млн 25 миң 770 миң шайлоочунун ичинен 1 млн 705 миң 272 шайлоочу добуш берди.

Президенттик шайлоого болгону шайлоочулардын 56,38 пайызы катышты, калган 43, 64 пайызы келген жок. Айрымдар өздөрүн тизмеден тапкан жок, кээ бири биометрикалык маалымат табыштаган эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча  алдыңкы эки позицияга ылайык, Сооронбай Жээнбеков 1 млн 128  миң 128 шайлоочунун добушун же 52,75 пайыз  добуш алган.

 Өмүрбек Бабановго 777 миң 983 жаран же 36,35 пайыз шайлоочу добушун берген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7681



Добавить комментарий