Атамбаев: Чек ара ачылбаса ЕАЭБдин чукул жыйынын талап кылам
Поделиться в:
Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу 15-октябрда шайлоо участогунда добуш берип чыккандан кийин сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, Казакстан тарап чек араны шайлоого байланыштуу жапкан болсо, анда шайлоо бүткөндөн кийин ачылышы керек:
- Казак бийлиги азыркы абал Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу деп айтып жатат. Кудай буйруса, шайлоо 1-тур менен бүтсө, ошондон кийин да чек ара ачылбаса, мен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттерин чукул жыйын чакырууга талап коюу укугум бар. Эгер маселе чечилбесе, анда бул уюмдун да статусу суроо болуп калат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7680
Добавить комментарий ×