«Акылдуу эсептегичти» сунуштагандар жоопко тартылсын

7 февраля 2017 17:23 439 Barometr
Поделиться в:
ok

 

 Мындай пикирди бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Бишкек шаарынын энергетикалык интерактивдүү картасынын бетачары өтүп жатканда билдирди Анын айтымына караганда «акылдуу эсептегичтерди» колдонууга киргизген кызмат адамдарын жоопко тартыш керек. Анын колдонулушуна нааразы болгон жарандар улам арбып барат. Алар «акылдуу эсептегичтердин» туура эмес эсептегенине жана инспекторлордун аны сатып алууга мажбурлап жатканына нааразы. Эл өкүлүн электр энергиясын пайдаланганы боюнча эсептер башаламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, бирине көп келип жатканы кабатырландырууда. «Эмне үчүн башында эле бирдиктүү серверлер орнотулган эмес? Өткөн 5 жыл аралыгында 115 миӊ гана жабдуу орнотулса, 21 гана көзөмөлчү инспектор кыскартылыптыр. Мурда башкача сүйлөшүлгөн болчу. Эми аны ишке киргизген кызмат адамдары жообун бериши керек», — деп депутат Энергетика тармагындагы жооптуу кызматта иштеген адамдарды жарга такады. 

Ссылка: https://barometr.kg/content768



Добавить комментарий