Кыргызстан боюнча Ош шаарынын калкы шайлоого эң активдүү катышты
Кечээ, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоо өтүп, БШКнын маалыматы боюнча шайлоочулар эң көп келген аймак болуп Ош шаары эсептелди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Алдын ала маалыматтар боюнча шаар боюнча 67,57% шайлоочу катышты. Шаардыктардын 73,69 пайызы добушун Сооронбай Жээнбеков үчүн берген. Экинчи орунду шайлоочулардын 18,67 пайыз добушун алган Өмүрбек Бабанов.
Белгилей кетсек, шайлоо учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү жана ар бир шайлоо участокторунда атайын медицина кызматкерлери көзөмөлдөштү. Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын жалпы саны 159 420, ал эми добуш бергендердин саны 107 675. Жалпысынан 73 шайлоо участогу бар.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, шайлоого 3 миллион 25 миң 768 адам добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. Ишемби күнү 22 миң 281 жаран шайлоо участкаларынан тышкары мөөнөтүнөн мурда добуш беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content7679
Добавить комментарий ×