“Samsung Electronics” компаниясы Кореянын өнөр жай феддерациясы менен иштешпейт

7 февраля 2017 16:53 429 Barometr
Поделиться в:
ok

 Корея өкмөтү  миллиондогон доллар кирешесинен кол жууганы турушат. Себеп Түштүк Кореянын “Samsung Electronics” компаниясы Корея өнөр жай федерациясынан чыгып кетүү ниетин билдирди. Ал Түштүк Кореянын президентин кызматтан кетирүүгө себеп болгон коррупциялык жаңжалга байланыштуу болду. Бул тууралуу дүйнөлүк интернет булактары кабарлашты. “Samsung Electronics”  компаниясынын мындай кадамын Samsung корпорациясына тиешелүү башка да компаниялар улантышат жана федерациядан чыгып кетишет деп күтүлүүдө. Корпорациянын лидери Ли Чжэ Ён ушундай кадамдар болору тууралуу өлкө парламентинде 2016-жылдын декабрь айында эле билдирген болчу. Кореядагы мартабалуу LG Group иKT компаниялары да өлкө башчылыгын кызматтан кетирүү жаңжалына байланыштуу федерациядан чыгып кетүү ниеттерин билдиришкен. Түштүк Кореянын президентинин жакын адамы Цой Сун Силь аркылуу бийликтердин бизнести колдоп турушу боюнча пара алуу көрүнүшүн өлкөнүн прокуратурасы айыптап чыккан жана жогоруда аталган компаниялардын байланышы бар экени буга чейинки маалыматтарда айтылып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/content767



Добавить комментарий