Кыргыз тажик чек арасы боюнча жетекчилер жолукту
Дайыма кыйын кырдаалга туш болуп, ызы-чуу коштолуп турган Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы маселе Чубактын кунундай чубалып жаткан кези. Ушул маселени чечүү максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкулов Тажик Республикасынын УКМКнын чек ара аскерлеринин Колбашчысы Раджабали Рахмонали менен кыргыз-тажик чек арасында жолукту. Анда эки мамлекеттин чек арасындагы жана КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларындагы кырдаал боюнча пикир алмашты. Эки тарап мамлекеттик чек арада орун алчу чыр-чатактарды алдын алуу, аны болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алышты. Чек арадагы жаңжалдардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишин жандандырууну сүйлөшүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content765
Добавить комментарий ×