Жамшитбек Калилов президенттин кабыл алуусунда болду
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө жол салуу жана аларды оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алууда кеңири маалымат алды. Жамшитбек Калилов Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад, Бишкек-Чолпон-Ата-Корумду, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Талас-Тараз-Суусамыр сыяктуу стратегиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы пландар, ошондой эле Бишкек-Кара-Балта автожолунун курулушун баштоого даярдыктар жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, өлкөнүн региондорундагы жергиликтүү маанидеги автожолдорду кармоо жана өнүктүрүү пландары тууралуу дагы сөз болду. Жыйынтыгында өлкө башчысы жол салууда сапатына дагы терең маани берүүнү сунуштады.
Ссылка: https://barometr.kg/content762
Добавить комментарий ×